Төрөттөн кийинки депрессия 3 жылга созулушу мүмкүн

Төрөттөн кийинки депрессия 3 жылга чейин созулушу мүмкүн экендиги ортого чыкты.

1517179
Төрөттөн кийинки депрессия 3 жылга созулушу мүмкүн

Төрөттөн кийинки депрессия 3 жылга чейин созулушу мүмкүн экендиги ортого чыкты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн алкагында 57 өлкөдө 2008 – 2010 - жылдар аралыгында төрөгөн 5000 аял төрөттөн кийинки алгачкы 3 жыл көзөмөлгө алынган.

Ушунун негизинде ар бир 4 аялдан бирөөсү төрөгөндөн кийинки алгачкы 3 жылдын аралыгында депрессиялык белгилердин жогорку деңгээлин көрсөтсө, калган аялдарда 3 жылдык мезгилде депрессиянын төмөн деңгээли байкалган.

Катышуучуларга клиникалык депрессия деген диагноз коюлган эмес.

Изилдөөнүн жүрүшүндө, маанайы бузулган же кош бойлуулукка байланыштуу кант диабети сыяктуу негизги оорулары бар аялдарда изилдөө учурунда башкаларга салыштырмалуу жогорку деңгээлдеги депрессиянын белгилери байкалгандыгы билдирилди.

Изилдөөнүн натыйжалары "Педиатрия" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар