Ковид - 19 менен D витамининин байланышы
Жаңы тип коронавирус бейтаптарынын 80 пайызында D витаминин жетишсиздиги аныкталды.
Жаңы тип коронавирус бейтаптарынын 80 пайызында D витаминдин жетишсиздиги аныкталды.
Испанияда жүргүзүлгөн жана жыйынтыктары "Journal of Clinical Endocrinology & Metabolism" журналына жарыяланган изилдөө D витаминин жетишсиздиги жана Ковид - 19дун арасындагы байланышты дагы бир жолу аныктады.
Иликтөөнүн алкагында изилденген 216 Ковид – 19 бейтабынын 80 пайызында D витамини жетишсиз, эркектерде бул абал дагы көбүрөөк экендиги байкалган.
Иликтөө тобундагы доктор Хос Эрнандес : «Кандарында D витамин деңгээли төмөн болгон Ковид - 19 бейтаптарына D витамини алуулары сунуш кылынышы керек. Бул булчуңдарга, скелетке жана иммунитет үчүн пайдалуу болот»,- деп билдирди.
D витамини суук тийүү жана грипп сыяктуу инфекциялар менен күрөшүүдө иммундук системага жардам берет.
Окумуштуулар D витамини аз жана Ковид - 19га байланыштуу өлүмдөрдүн арасында күчтүү байланыштын бар экендигин белгилешкен.