Йеменде 98 000 бала өлүм коркунучу менен бетме - бет

Йемендин түштүгүндө 98 000 баланын өлүм коркунучу менен бетме  - бет экендиги билдирилди.

1517170
Йеменде 98 000 бала өлүм коркунучу менен бетме  - бет

Йемендин түштүгүндө 98 000 баланын өлүм коркунучу менен бетме  - бет экендиги билдирилди.

Йемендеги БУУга караштуу уюмдар өлкөнүн түштүгүндө беш жашка чейинки балдардын арасында жетерсиз тамактануудан ооруган балдардын санынын көбөйгөндүгүн, чукул түрдө дарылануусу керек болгон 98 000 баланын өлүм коркунучу менен бетме  - бет экендигин билдирди.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму ФАО, БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык - түлүк программасы (WFP) тарабынан биргелешкен жазуу түрүндөгү билдирүүдө : «Жетерсиз тамактануу тууралуу үч уюмдун акыркы иликтөөсү 2020 – жылы Йемендин түштүгүндөгү жетерсиз тамактануудан ооруган балдарда 10 пайыздык өсүү болгону ортого салынды»,- деп билдирилди.

Изилдөөнүн өлкөнүн түштүгүндө 5 жашка чейинки 1, 4 миллион бала болгон 133 районду камтыганы билдирилген маалыматта : «Йемендин түштүк аймактарында беш жашка чейинки балдардын арасында жарым миллиондон ашуун баланын жетерсиз тамактануудан ооругандыгы такталды»,- деп билдирилди.

Маалыматта чукул түрдө дарыланбаса 98 000 баланын өлүм коркунучу менен бетме  - бет экендиги маалымдалды.

Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде Иран колдогон хусилер 2014 -  жылы сентябрь айынан бери борбор шаар Сана менен кээ бир аймактарды көзөмөлгө алууда.

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 – жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.

 



Тектеш кабарлар