Франциядан дагы бир чыр - чатактуу билдирүү : "Жоолукка тыюу салынсын"

1989-жылдан бери жоолук салынгандардын саны тез өскөнүн белгилеген Ле Пен коомдук жайларда жоолук салынуусуна тыюу салууну талап кылды.

1515962
Франциядан дагы бир чыр - чатактуу билдирүү : "Жоолукка тыюу салынсын"

Францияда ашкере оңчул Улуттук Биримдик партиясынын (ФН) лидери Марин Ле Пен өлкөдөгү коомдук жайларда жоолук салынууга тыюу салууну талап кылды.

Марин Ле Пен бир телекөрсөтүү программасында журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Өлкөдө бул маселе боюнча талкуу башталган 1989-жылдан бери жоолук салынгандардын саны тез өскөнүн белгилеген Ле Пен коомдук жайларда жоолук салынуусуна тыюу салууну талап кылды.

Ашкере оңчул лидер аларга каршы   согуштун  башталгандыгын жана ага жооп кайтаруу керектигин ортого салып : «Биз бул согушту бир мамлекетке эмес, бир идеологияга; исламчылыкка каршы жарыялап жатабыз»,- деди.

Исламчыл идеологияны Франциянын душманы катары көрүү керектигин айткан Ле Пен бул идеологиядагы мекемелерге тыюу салууга, мечиттерди жабууга жана чет өлкөлүктөрдү чыгарууга чакырды.

Ле Пен : «Франция өзүн террористтерден коргоо үчүн Адам Укуктары Келишими боюнча Европа конвенциясынын айрым беренелерин четке кагуу керек»,- деди.

 



Тектеш кабарлар