Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери АКШга чакырылганы боюнча айтымдар

Бул тууралуу АКШнын Политико гезити жазып чыккан.

1512102
Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери АКШга чакырылганы боюнча айтымдар

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлерин өз өлкөсүнүн борбору Вашингтонго чакырганы кабарланды.

Политиконун кабарына ылайык, Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян Помпеонун чакыруусун кабыл алышты.

Буга караганда, Помпео адегенде Байрамов менен жолугушуп, андан соң Мнацаканянды тосуп алаары айтылган.

Кабарда, АКШ тараптын ошол эле күнү үч тараптуу жолугушуу өткөрүүгө аракет кылганы айтылган, бирок бул азырынча тактала элек.



Тектеш кабарлар