Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Жуктургандардын санынын өсүшү өзгөчө Европада экинчи толкундун аябай жайылгандыгын айгинелейт.

1510046
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
koronavirüs.jpg
Korona1.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны миллион 103 миңге жетти. Ооруга кабылгандардын саны болсо 39 миллион 103 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 29 миллион 381 миң 360тан ашты.

222 миң 717 адам каза болуп, 8 миллион 216 миң 315 киши Ковид-19га чалдыккан Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) 41 штатта бейтаптардын санынын көбөйүшү уланып жатат.

Францияда пандемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде 88 адам каза болуп жалпы 33 миң 125 деп катталды. Вирусту жуктурган адамдардын саны 30 миң 621ге көбөйүп 809 миң 684кө жетти. Өлкө боюнча профсоюздар уюштурган нааразычылыктарда пандемия шаршаттары алардын шайын оодаргандарын айткан медицина кызматкерлери президент Эммануэль Макрондон дагы көп дарыгерлерди, медайымдарды жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерин жумушка алуусун талап кылышты.

Германияда акыркы 24 саатта Ковид-19дун айынан 24 адам каза болуп жалпы 9 миң 810го жетти. Өлкөдө Ковид-19 менен аныкталган адамдардын саны ушул эле мезгилде 7 миң 334кө көбөйүп 348 миң 816ны түздү. Германиядагы кечээки жуктургандардын санындагы өсүү вирус өлкөдө пайда болгондон берки эң жогорку көрсөткүч катары катталды.

Ковид-19 пандемиясында каза болгондордун саны Чилиде 13 миң 434кө, Боливияда 8 миң 377ге, Борбордук Америка өлкөлөрүнүн бири Гватемалада болсо 3 миң 453кө жетти.



Тектеш кабарлар