Ооганстанда Талибандын кол салуусунан 6 күзөтчү каза тапты
Бул тууралуу Баглан полиция бөлүмүнүн катчысы Кавид Башарат маалымат берди.
1508911
Ооганстандын түндүгүндөгү Баглан провинциясында Талибан согушкерлери уюштурган кол салууда алты күзөтчү набыт болду.
Баглан полиция бөлүмүнүн катчысы Кавид Башараттын айтымында, согушкерлер Багландын Гүзергах-и Нур районунун борборуна куралдар менен кол салган.
Башарат кол салуудан 6 күзөтчү каза болуп, 2 күзөтчү жаракат алганын билдирди.
Башарат кол салуудан кийинки кагылышууда согушкерлердин да жоготууга учураганын белгиледи.
Азырынча Талибандан эч кандай билдирүү жасала элек.