Кытайдын эки кемеси Япониянын сууларына кирди

Кытайдын эки кайгуул кемеси Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку архипелагынын жанында Япониянын аймактык сууларына кирди.

1507391
Кытайдын эки кемеси Япониянын сууларына кирди

Кытайдын эки кайгуул кемеси Чыгыш Кытай деңизиндеги талаштуу Сенкаку архипелагынын жанында Япониянын аймактык сууларына кирди.

Япониянын Жээк күзөтүнүн билдирүүсүнө ылайык, кечээ саат 11: 00дө Япониянын деңиз аймагына жакын сүзүп өткөн Кытайдын эки кемеси Тайшо аралынын жээгине чек ара эрежелерин бузуу менен жакындады.

Аралдын айланасында кармалган япон балыкчыларынын кайыктарына жакындаган жана аймактан чыгуу боюнча эскерткен патрулдук кемелери түштөн кийин саат 15: 00гө чейин аймакта болушту.

NHK коомдук телекөрсөтүүсүнүн билдиргенине караганда  жыл башынан  18 жолу эреже бузган Кытай кемелери акыркы жолу 28 - августта талаштуу Сенкаку аралдарына жакын жерде Япониянын аймактык сууларына киришкен.

деп атаган Чыгыш Кытай деңизиндеги Япониянын "Сенкаку", Кытайдын да  "Дяоюйу"  деп аталган архипелаг 5 аралдан жана 3 аскадан турат.

Эч ким жашабаган архипелагдар эки өлкөнүн ортосунда узун убакыттан бери эгемендик талаш  - тартыштарына себеп болууда.



Тектеш кабарлар