Афганстанда кол салуу болду
Кол салуудан 5 жаран каза болуп, 7 адам жаракат алган.
1507512
Афганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясындагы үйлөрдүн бирине ракета снаряды тийип, 5 адам каза болуп, 7 адам жаракат алды.
Афганстандын Коргоо министрлиги Талибан согушкерлери аткан ракета снаряды Кундуздун Шураби Кышлак аймагындагы үйгө тийгенин жарыялады.
Билдирүүдө кол салуудан 5 жаран каза болуп, 7 адам жаракат алгандыгы белгиленди.
Бул маселе боюнча Талибан тараптан эч кандай билдирүү жасалган жок.