«Дельта» бороон-чапкыны АКШнын Луизиана штатына жетти

«Дельтанын» ылдамдыгы саатына 155 чакырымга жетти.

1506378
«Дельта» бороон-чапкыны АКШнын Луизиана штатына жетти

Америка Кошмо Штаттарынын Луизиана штатына «Дельта» бороон-чапкыны терс таасирин тийгизип жатат.

Луизианадагы Креол аймагын кечээ 2-категориядагы бороон-чапкын деңгээлинде ура баштаган «Дельтанын» ылдамдыгы саатына 155 чакырымга жетти.

Ички аймакка карай жылган сайын таасирин жоготкон жана 1-категорияга өткөн «Дельта» штатта электр жарыгынын өчүшүнө себеп болду.

Луизианадан Миссисипинин түндүгүнө жана Теннеси өрөөнүнө жылышы күтүлүп жаткан бороон-чапкынга байланыштуу мектептер жана өкмөттүк мекемелер жабылды.

Луизиана штатынын губернатору Жон Бел Эдвардс калкка жардам берүү үчүн 2400 Улуттук Гвардиянын мобилизацияланганын жарыялады.

Штатта август айында да 4-категория деңгээлиндеги "Лаура" бороон-чапкыны болуп, аймакка зыян келтирген болчу.

«Лаура» бороонунан улам Луизианада дагы деле 6 миңден ашуун адамдын мейманканалар сыяктуу убактылуу жайларда жашап жаткандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар