Путин Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлерин чакырды

Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1505935
Путин Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлерин чакырды

Россиянын президенти Владимир Путин Армениянын оккупациясында турган Тоолуу Карабахтагы жаңжалдарга байланыштуу Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлерин борбор шаар Москвага чакырды.

Россиянын Президенттик сарайы Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен Путиндин бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөндүгү эске салынып, курман болгондордун сөөктөрүн жана туткундарды алмашуу үчүн гуманитардык себептерден улам Тоолуу Карабактагы кагылышууларды токтотууга чакырганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери, Россиянын тышкы иштер министринин ортомчулугу астында ушул маселелер боюнча кеңешүү үчүн 9-октябрда (бүгүн) Москвага чакырылууда», делди.

Ал арада Россиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлеринин Москвадагы кеңешүүлөрүнө катышарын билдирди.

Захарова журналисттерге берген маалыматында, үч тараптуу кеңешүүлөрдүн бүгүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өтөөрүн белгилеп: «Баку менен Ереван Москвадагы кеңешүүлөргө катыша тургандыктарын ырасташты. Даярдыктар активдүү уланууда»,- деди.



Тектеш кабарлар