Коронавирус чыгыш өлкөлөрү

Ковид - 19 бүткүл дүйнөнү таасир астына алууну улантууда.

1506061
Коронавирус чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 1 миллион 67 555тен ашты. Бейтап саны 36 миллион 802 550дөн, айыккандардын саны 27 миллион 696 570тен  жогорулады.

Индияда коронавирустан каза болгондордун саны 106 521ге, бейтап саны 6 миллион 906 151ге жетти.

Иранда  коронавирустан каза болгондордун саны 28 0 98 болду. Өлкөдө 4 142 кишиде вирустун аныкталышы менен жалпы бейтап саны 492378ге жогорулады. Саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Иреч Херирчи Ковид  - 19дан улам ооруканаларда жаңы чараларды көрүшкөндөрүн билдирди. Херирчи ушунун негизинде чукул абал тышындагы бейтаптардын экинчи буйрукка чейин ооруканаларга кабыл алынбай тургандыгын белгиледи. 

Жалпы Африка материгинде  эпидемиядан каза болгондордун саны 37 452ге, Ковид  -19 аныкталгандардын саны да 1 миллион 556 17ге жогорулады.

Материкте Түштүк Африкада эң көп киши каза болуп, каза болгондордун саны 17 408ге жетти. Андан кийин Египетте 1017, Мароккодо 2 468  киши каза болду.

Маврикийде бейтап санынын жок экендиги, Сейшеллдер менен Эритреяда өлүм  - житим тууралуу отчет келген жок.

Түштүк Африкада бейтап саны 686891ге жетсе, Мароккодо 142 953кө, Египетте 104 156ге жетти.

Ковид  - 19дан Иранда 27 888, Россияда 22056 жана Индонезияда 11 580  кишинин каза болгондугу билдирилди.



Тектеш кабарлар