Армения жетекчилердин сынга алынышына тыюу салды

Армения кечээ орус «Новая газета» кабарчысы Илья Азардын аккредитациясын Тоолуу Карабах тууралуу кабарларынан улам жокко чыгарды.

1506068
Армения жетекчилердин сынга алынышына тыюу салды

Армениянын премьер  - министри Никол Пашинян басып алган Тоолуу Карабахта фронтто болуп жаткан терстиктер тууралуу  жетекчилердин сынга алынуусуна тыюу салды.

Пашинян  өлкөдөгү согуш абалындагы айрым өзгөрүүлөрдү камтыган чечимге кол койду.

Чечимге ылайык, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүн сындаган, четке каккан, шек келтирген же башкача түрдө девальвациялаган билдирүүлөрдү жарыялоо, ал тургай "согуш абалы" мыйзамын камтыган сөздөрдүн жайылышына тыюу салынды. Армениянын жана Карабахтын коргонуусуна жана коопсуздугуна каршы үгүт жүргүзүү, армиянын коргонуу жөндөмдүүлүгүнөн күмөн санаган берүүлөргө да тыюу салынды.

Армения кечээ орус «Новая газета» кабарчысы Илья Азардын аккредитациясын Тоолуу Карабах тууралуу кабарларынан улам жокко чыгарды.

Журналист Азар өз билдирүүсүндө Армениянын Тышкы иштер министрлиги Тоолуу Карабахта журналисттердин ишин чектөөгө бардык күчүн жумшап жаткандыгын белгилеп,  Шуша жана Лачин шаарларынан даярдаган жаңылыктарынан улам аккредитациясы жокко чыгарылгандыгын белгилеген.

Азар Армения бийликтеринин өлкөдөгү басма сөз эркиндигине байланыштуу убадаларынын учурда карама - каршылыктуу болуп жатканына көңүлдөрдү бурду.



Тектеш кабарлар