Дүйнө жүзүндө коронавирус дагы деле тизгинделе элек

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 38 миң 810ден ашты.

1502471
Дүйнө жүзүндө коронавирус дагы деле тизгинделе элек

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгон адамдардын саны 1 миллион 38 миң 810ден ашты. Илдетке чалдыккан адамдардын саны 35 миллион 182 миң 645тен, ал эми айыккандардын саны 26 миллион 167 миң 267ден ашты.

Эпидемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 214 миң 280 болду. Өлкөдө эпидемияга кабылган адамдардын саны 7 миллион 601 миң 182 деп катталды. Ковид-19га кабылган президент Дональд Трамп, ал дарыланган Вальтер Рид ооруканасынан коомчулукка кайрылды. Трамп анын абалы жакшы экендигин жана жакында кайтып келээрин айтты. Алгач ооруканага барганда өзүн жакшы сезбегенин, эми абалы жакшы экендигин айткан Трамп, чыныгы сыноолор бир нече күндүн ичинде жасалаарын жарыялады. Ошондой эле, ал дарыгерлерге, медайымдарга жана саламаттыкты сактоо кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. Жубайы Мелания Трамптын ден-соолугу жөнүндө маалымат берген Трамп, анын дарылануусу Ак үйдө улантылып, абалы жакшы экендигин жарыялады. Висконсин штатынын республикачыл сенатору Рон Жонсон да Ковид-19ду жуктуруп алды. Жонсон менен бирге ушул кезге чейин Ковид-19га кабылган республикачыл сенаторлордун саны 5ке жетти.

Вирустун айынан Улуу Британияда көз жумган адамдардын саны акыркы сутка ичинде 49га көбөйүп, 42 миң 317ге жетти. Өлкөдө 12872 жаңы учур аныкталып, эпидемия башталгандан бери биринчи жолу күнүмдүк ооруну жуктургандардын саны 10 миңден ашты. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 480 миң 17ге чейин көбөйгөн. Европада Ковид-19дан каза болгондордун саны эң көп болгон өлкөдө, жуктуруп алгандардын саны август айынан бери өсүүдө.

Францияда акыркы 24 саат ичинде дагы 49 адамдын өлүмү менен, Ковид-19дан каза болгондордун саны 32 миң 198ге жетти. Өлкөдө жуккан адамдардын саны ушул эле мезгилде 16 миң 972ге көбөйүп, 606 миң 625ке жетти. Бул көрсөткүч эпидемия башталгандан бери күн сайын катталган эң жогорку көрсөткүч болду.

Ошондой эле Италияда эпидемияда каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 27ге көбөйүп, 35 миң 968ге жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө 2 миң 844 жаңы учур катталды. Ошентип, өлкөдө август айында көтөрүлгөн жаңы жуктургандардын ийри сызыгы кечээ эң жогорку деңгээлге жетти. Эпидемия башталгандан бери Италияда жуктуруп алгандардын саны 322 миң 751 болду.

Адам өлүмү 10 миң 44 болгон Бельгияда эпидемия башталгандан бери аныкталган оорулардын саны 127 миң 623кө жетти.



Тектеш кабарлар