Россиянын аскердик тик учары Япониянын аба мейкиндгин бузду
Орусияга таандык Mи 8 аскердик тик учары Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аймагында Япониянын аба мейкиндигин бузду.
Россияга таандык Mи 8 аскердик тик учары Япониянын түндүгүндөгү Хоккайдо аймагында Япониянын аба мейкиндигин бузду.
Япониянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.25 чамасында Хоккайдонун чыгыш тарабындагы Ширетоко тумшугунда Россиянын Ми 8 аскердик тик учары Япониянын аба мейкиндигине кирген.
Чек араны кокустан бузгандыгы билдирилген тик учар Япониянын абадан өзүн - өзү коргоо күчтөрүнүн (ASDF) аскердик реактивдеринин эскертүүсүнөн кийин аймакта эч кандай агрессивдүү кыймыл кылбастан чыгып кетти.
Бул окуядан кийин Тышкы иштер министрлиги аркылуу Москвага нааразычылык жөнөтүлгөнү билдирилди.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.