Францияда "Алекс" бороону

Бороон 1 кишинин өлүмүнө, 11 кишинин дайынсыз жоголушуна себеп болду.

1502039
Францияда "Алекс" бороону

Франциянын түштүгүндө катуу болгон "Алекс"  бороону 1 кишинин өлүмүнө, 11 кишинин дайынсыз жоголушуна себеп болду.

Франция басма сөзүндөгү кабарларга караганда бейшемби күндөн тарта катуу болуп жаткан "Алекс" бороону өзгөчө өлкөнүн түштүк – чыгышы менен Ницца шаарынын ички аймактарында катуу жамгыр жаашы жана селдерге жол ачты.

Ылдамдыгы саатына 186 километрге жеткен шамалга жол ачкан  бороондо Финистере аймагындагы Брест шаарында бир дарак бутагынын үстүнө түшүшү менен тең салмактуулугун жоготуп кулаган бир бир велосипедист  каза болду.

Франциянын метеорология  башкаруусу 11  аймакта кооптуу абал жарыялап, өзгөчө Алпес -  Маритимес аймагында абал  кызыл сигналга өттү. Аймак жетекчилери элдин үйлөрүнөн чыкпашы керектигин жана унааларын колдонбошу керектиги боюнча эскертти.

Эң аз 11 киши дайынсыз жоголгон бороондон улам 60 000ден ашуун үйгө электр бериле албай жатат.  Олуттуу матераилдык чыгымга жол ачканы белгиленген бороондо сел суулары бир көпүрөнү кулатып, Алпес  -  Маритимес аймагында бардык поезд каттамдары жоюлду.

Ницца аэропортунун башкаруусу жүргүнүчлөрдүн аэропортко келбеши керектигин билдирди. Метр квадратына түшкөн жамгыр көлөмү кээ кээде 450 миллиметрге жетип, катуу жааган жамгырдын эртең түнгө чейин улантлышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар