Европа Биримдигинен Россияга кошумча санкция

Европа Биримдиги Москва башкаруусу тарабынан мыйзам тышы аннекция кылынган Крым жарым аралын Россия менен байланыштырган Керч көпүрөсүнүн курулушунда орун алган 4 фирма менен 2 кишини санкция тизмесине кошту.

1501544

Европа Кеңеши Украинанын жеринин бүтүндүгүн, эгемендигин жана көз карандысыздыгын коркунучка салуучу кыймылдарда болду деген негиз менен кээ бир орус фирма жана кишилерге кошумча чектөөчү чара көрүү чечимин чыгаргандыгын билдирди.

Санкциялар боюнча бул фирмалардын Европа Биримдиги өлкөлөрүндөгү мал  - мүлктөрүнүн тоңдурулгандыгы, Европа Биримдиги жарандарынын жана фирмаларынын бул фирмаларга финансылык булак беришине тыюу салынгандыгы белгиленип,  тизмеге кошулган кишилердин да мал  - мүлкүн тоңдуруу жана саякатка чыгуусуна тыюу салынгандыгы билдирилди.

Россия 2014 -  жылы Крым автоном республикасы  жана Севастополь шаарын мыйзам тышы аннекция кылган. Крымдын аннекцияланышы жана Украинанын чыгышында чыккан окуялардан кийин Европа Биримдиги, АКШ жана кээ бир өлкөлөр Россияга санкцияларды сала баштаган. 

Тектеш кабарлар