Азербайжан-Армения кагылышууларынан жарандар жапа чегүүдө

Армения армиясынын Азербайжандын жарандык конуштарына карай кол салууларында каза болгон карапайым адамдардын саны 15ке, жаракат алгандардын саны 49га жетти.

1500470
Азербайжан-Армения кагылышууларынан жарандар жапа чегүүдө

Азербайжан армиясынын жерлерин оккупациядан сактап калуу үчүн баштаган каршы чабуулда Армения армиясынын жоготууга учурашы уланууда.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, «Бүгүн (кечээ жергиликтүү) саат 17: 30га чейин фронттун ар башка жерлеринде душмандын Ураган ракета атуучу системасы, 2 ОСА абадан коргонуу системасы, 4 БМ-21 Град ракетасы, жөө аскерлердин согуштук унаасы, 16 танк, 4 Д-20 гаубица замбиреги жана 2 жүк ташуучу унаасы жок кылынды», деген маалымат берилди.

Армения армиясынын Азербайжандын жарандык конуштарына карай кол салууларында каза болгон карапайым адамдардын саны 15ке, жаракат алгандардын саны 49га жетти.

Азербайжандын Башкы прокуратурасы жасаган билдирүүдө армян күчтөрү коомдук имараттарды, саламаттык сактоо борборлорун, мектептер менен бала бакчаларды бутага алгандыгы кабарланды.

Армения армиясынын 27-сентябрдан берки кол салууларында 116 турак жай жана 26 коомдук имарат жараксыз абалга келди.



Тектеш кабарлар