Коронавирус :Чыгыш өлкөлөрү

Индияда 809 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 96 468ге жетти. Өлкөдө жалпы бейтап саны 6 миллион 156 722ге чыкты.

1499646
Коронавирус :Чыгыш өлкөлөрү

Жалпы дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 1 миллион 7 670ке жетти. Бейтап саны 33 миллион 617 600дөн, айыккандардын саны 24 миллион 924 415тен   ашты.

Индияда 809 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 96 468ге жетти. Өлкөдө жалпы бейтап саны 6 миллион 156 722ге чыкты.

Россияда эпидемиядан каза болгондордун саны 20 545ке, вирус жуккан киши саны 1 миллион 167 805ке жогорулады.

Ушул кезге чейин Ковид  - 19дан 700 киши каза болгон Кенияда 38 168  бейтап каттоого өттү. Мамлекет башчысы  Ухуру Кенята көбөйүп бара жаткан бейтаптарга карата көрүлгөн чаралардын негизинде коменданттык сааттын 60 күнгө дагы узартылгандыгын жарыялады. Жалпы өлкөдө эртеңден тарта жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00 менен 04 : 00 арасында көчөгө чыгууга тыюу салынарын белгилеген Кенятта Ковид  - 19дан улам спирттик ичимдиктреге салынган тюу салуунун жоюларын, ресторандардын эң кеч 22:00дө жабыларын айтты. Кенятта өзгөчө жаназа жана тойлордун киши саны 200дөн ашпай тургандай шарт менен өткөрүлөрүн айтып, мектептердин коопсуз экендиги такталганга чейин кайрадан ачылбай тургандыгын билдирди.

Жалпы Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 298 кишиге көбөйүп жалпы сан 35 512ге чыкты. Жалпы материкте вирус жуккан киши саны ошол эле убакытта 5 863кө көбөйүп 1 миллион 473 418 болду. Материкте Ковид  - 19дан эң көп киши каза болгон Түштүк Африкада каза болгондордун саны 16 586га жетти. Египетте болсо 5 901, Мароккодо 2 113 киши каза болду.

Түндүк Кипр Түрк Республикасында акыркы 24 саатта 6 бейтап аныкталды. Ушуну менен жалпы бейтап саны 752ге жогорулады.

Индонезияда болсо вирустан каза болгондордун саны 10 473кө жетип, Пакистанда болсо 6 474, Египетте 5 901, Алжирде 1719, Ливанда 351 болду.



Тектеш кабарлар