Азербайжандагы кол салууларда дагы 10 киши каза болду
Азербайжандын Тертер облусунда Армения армиясынын артиллериялык атуулары менен 2 жаран каза болуп, 2 жаран жаракат алды.
1499159
Армения армиясынын Азербайжан жарандык отурукташуу жерлерине жасаган кол салуусунда 10 киши каза болуп, 30 киши жараланды.
Азербайжан тышкы иштер министрлиги жана башкы прокурорлугунун биргелешкен билдирүүсүндө Армения армиясынан 27 - 29 - сентябрда жарандык отурукташуу жерлерине оор куралдар менен кол салгандыгы эске салынды.
Маалыматта кол салууда 10 жарандын каза болгондугу жана 30 жарандын жараланганы, каза болгон жарандардын экөөсүнүн мектеп окуучусу экендиги билдирилди.