ТКТРнын президенти Мустафа Акынжы Армениянын кол салуусун айыптады

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы Азербайжан жерлерине карата кол салууларды айыптап, дос жана боордош Азербайжан калкына Кипр түрк калкынын атынан тилектештиuгин билдирди.

1498504
ТКТРнын  президенти Мустафа Акынжы Армениянын кол салуусун айыптады

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы Азербайжан жерлерине карата кол салууларды айыптап, дос жана боордош Азербайжан калкына Кипр түрк калкынын атынан тилектештик сезимдерин билдирди.

Мустафа Акынжы берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Армения менен Азербайжандын ортосунда ондогон жылдардан бери чечилбеген Карабах меселесинин дагы бир жолу катуу кагылышууга айлангандыгын белгиледи. Акынжы : «Эл аралык мыйзам жактан Азербайжан жери болгон Жогорку Карабахта көз карандысыздык көрүнүшү астындагы Армян башкаруусу Азербайжан тарабынан туура деп кабыл алынбайт»,- деп билдирди.

Эл аралык жамааттын негизинде да чечиле албаган бул маселенин адам өмүрүн алып, кайгыга себеп болуп жаткандыгын жана болууну уланткандыгын белгилеген Акынжы билдирүүсүндө : «Азербайжан жерлерине карата кол салууларды айыптап, дос жана боордош Азербайжан калкына Кипр түрк калкы үчүн тилектештик сезимдерибизди билдирем»,- деди.

 



Тектеш кабарлар