Ковид-19 батыш өлкөлөрүн бушайман кылууда

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумгандардын саны 1 миллион 2 миң 565 адамды түздү.

1498595
Ковид-19 батыш өлкөлөрүн бушайман кылууда
DÜNYADA KORONA (9).jpg
DÜNYADA KORONA (6).jpg
DÜNYADA KORONA (8).jpg
Koronavirus-1200x675.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумгандардын саны 1 миллион 2 миң 565 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны 33 миллион 322 миң 785тен, ал эми айыккандардын саны 24 миллион 642 миң 360тан ашты.

Эпидемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 209 миң 453 болду. Өлкөдөгү оорулардын саны 7 миллион 321 миң 343.

Ковид-19 эпидемиясынан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда акыркы 24 сааттын ичинде вирустун айынан 335 адам каза болду. Ошентип, өлкөдө вируска байланыштуу каза болгондордун саны 141 миң 776га жетти. Ооруну жуктуруп алгандардын саны 14 миң 318ге көбөйүп, 4 миллион 732 миң 309га жетти.

Мексикада эпидемиядан көз жумган адамдардын саны 76 миң 430 болду. Өлкөдө илдетке чалдыккандардын саны 73 миң 317 деп катталды. Саламаттык сактоо министринин орун басары Уго Лопес-Гэтелл Ковид-19дун айынан өлкөдө каза болгон адамдардын санын так аныктоо бир нече жылга созулушу мүмкүн деп билдирди. Өлкөдөгү калкка салыштырмалуу анализдердин аздыгы, ири шаарларда жана кээ бир штаттарда каза болгондордун санынын өткөн жылдарга салыштырмалуу көбөйүшү, оорулардын жана өлүмдөрдүн саны расмий маалыматтарга караганда бир топ жогору болушу мүмкүн деген талкууларды жаратты. 129 миллиондон ашык калкы бар өлкөдө каза болгондордун саны сентябрдын ортосунан бери 500гө жетпегенге азайып бараткандай сезилгени менен, каза болгондордун катталбагандыгы боюнча айрым маалыматтар каза болгондордун саны чындыгында көп болушу мүмкүн экендигин көрсөтүп турат.

Австралияда Ковид-19дан дагы 3 адам каза болуп, адамдардын өлүмү 875ке жетти. Өлкөдөгү вирусту жуктургандардын саны 5ке көбөйүп, 27 миң 44 деп катталды.

Англияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 41 миң 988 адам болду, бул өлкө эпидемиянын кесепетинен Европада көп жоготууларга учураган өлкө. Ошондой эле өлкөдөгү 434 миң 969 адам вирусту жуктурган.

Айрым башка өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгондор төмөнкүчө:

Англия 41 миң 988, Италия 35 миң 835, Перу 32 миң 262, Франция 31 миң 727, Испания 31 миң 232, Колумбия 25 миң 488, Аргентина 15 миң 749, Чили 12 миң 641, Эквадор 11 миң 279.



Тектеш кабарлар