Азербайжан Арменияны акыркы жолу эскертти

Азербайжан кечээки кагылышууларда армян армиясынан 550дөн ашуун аскердин каза болгондугун жана жаралангандыгын билдирди.

1498561
Азербайжан Арменияны акыркы жолу эскертти

 Азербайжан кечээки кагылышууларда армян армиясынан 550дөн ашуун аскердин каза болгондугун жана жаралангандыгын билдирди.

Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда оор жоготууга учураган Армения армиясынан 22 танка жана башка зооттуу унаалар,  15 OSA зениттик ракета системасы, 18 учкучсуз аба аппараты, 8 артиллерия жок кылынды.

Билдирүүгө караганда 550дөн ашуун душман аскери  каза болду жана жараланды. Душман армиясына таандык 3 ок  - дары кампасы жардырылды.  

Тертер аймагына жакын Талыш айылынын айланасындагы кагылышууларда душман аба батальонунун командири, подполковник  Лерник Бабаян өлтүрүлдү жана командирлигиндеги аскердик бөлүк оор жоготууга учурады. Талыш айылынын айланасындагы кээ бир бийик жерлер баскынчы күчтөрдөн тазаланды. Министрлик армян аскерлеринин сөөктөрүнүн абадан тартып алынган көрүнүштөрүн жарыялады.

Маалыматта Армения армиясынын буктурмаларына ракета жана артиллериялык сокку берилип, армян күчтөрүнүн артка чегингендиги билдирилип : «Душман армиясынан көп сандаган аскердин жараланышы менен аскердик жана жарандык ооруканаларда орундук кыйынчылыгы болуп жатат. Кан банкында запас кан кыйынчылыгы бар. Ар дайым болгондой армян тарабы армиясындагы жоготуулардын чыныгы санын элден жашырып жатат»,- деп белгиленди.

Бир тараптан Азербайжан жарандык отурукташуу жерлерине ок атууну улантып жаткан Армения армиясын эскертти.

Азербайжан коргоо министрлигинин билдирүүсүндө Армения армиясынын эрте мененки сааттардан тарта тертер шаарына ок аткандыгын белгилеп : "Арменияны акыркы жолу эскертебиз. 

Азербайжандын коргоо министрлигинин билдирүүсүндө Армения армиясынын эрте мененки сааттарынан тарта Тертер шаарына ок аткандыгы белгиленип : « Арменияны акыркы жолу эскертебиз. Биз да алдына алуу үчүн жооп кайтарабыз»,- деп билдирилди.

Азербайжандын Президенти илхам Алиев өлкөдө моблизация жарыялоого карата чечимге койду. Чечим боюнча Азербайжан моблизация жана аскердик  мамлекеттик кызматы,  аскерге жарамдуу жарандардын мобилизация үчүн аскерге алынышы жана аскердик транспорт тууралуу чаралары турмушка ашырылат. Алиев чечим тууралуу бардык маселелердин чечилишин да Министрлер Кеңешине өткөрдү. 

Азербайжан өзгөчө Түркия тышындагы  өлкөлөргө карата учак каттамдарынын токтотулгандыгын жарыялады.

Кечээ эрте менен Армения  - Азербайжан фронтунда армян күчтөрүнүн Азербайжандын жарандык отурукташуу жерлерине ок атышы менен кагылышуу башталган.

Азербайжан армиясы каршы чабуул баштатып, кээ бир отурукташуу жерлерин  басып алуудан куткарган.



Тектеш кабарлар