Расулайнда бомба жүктөлгөн унаа жардырылды

Шанлыурфанын Жейланпинар районунун каршысында жайгашкан Сириянын Расулайн районунун борборунда унаага жүктөлгөн бомба жардырылды.

1497849
Расулайнда бомба жүктөлгөн унаа жардырылды

Сириянын түндүгүндөгү Расулайн районунда бомба жүктөлгөн унаа менен жасалган террордук кол салууда бирөө бала 6 жаран каза болуп, 3 жаран жаракат алды.

Шанлыурфанын Жейланпинар районунун каршысында жайгашкан Сириянын Расулайн районунун борборунда унаага жүктөлгөн бомба жардырылды.

Террордук кол салуудан алты жаран, анын ичинде бир бала каза болуп, 3 жаран жаракат алды.

Расулайнда 2 күн мурда катары менен болгон эки террордук кол салуудан, 2 жаран каза болуп, 11 адам жаракат алды.

Кол салуу боюнча иликтөө ишин баштаган жергиликтүү коопсуздук күчтөрү, акцияны жикчил террордук уюм ЙПГ / ПКК уюштурган деп божомолдошот.

Расулайн районунун борбору Түрк Куралдуу күчтөрүнүн 2019-жылдын 12-октябрында «Тынчтык булагы» операциясы менен терроризмден тазаланды.

ЙПГ / ПКК, басып алуусун улантып жаткан Айн Иса жана Тель Темыр аймактарынан Расулайн жана Тель Абяддагы жарандык калктуу конуштарды бутага алган террордук кол салууларды тез-тез уюштуруп келет.



Тектеш кабарлар