Нигерияда Боко Харам кол салды

Кол салууда 15 киши каза болду.

1497640
Нигерияда Боко Харам кол салды

 Нигериянын түндүк - чыгышында террордук уюм Боко Харамдын Борно штатынын губернатору Бабагана Зулумдун конвойуна кол салуусунда  15 адам каза болду.

Улуттук басма сөздө чыккан кабарларга караганда Зулум да ичинде болгон конвой жер которгон кишилерди тосуп алуу үчүн бара жаткан Бага аймагында Боко Харамдын кол салуусуна учурады.

Кол салууда 15 киши каза болду. Алардын арасында 7 полиция менен 3 аскердин бар экендиги билдирилди жана көп сандаган киши  жараланды.

Кол салууда Зулум жаракат албастан кутулуп, унаалар зыян тартты.  

Нигерияда 2000 -  жылдардын башында чыккан Боко Харам террордук уюмунун 2009 -  жылдан бери жасаган массалык кол салууларында 20 000ден ашуун киши каза болду.



Тектеш кабарлар