Россиянын президенти 2021 Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү
Путин 2021 Нобель тынчтык сыйлыгына орус жазуучусу Сергей Комков тарабынан талапкер көрсөтүлдү.
Россиянын президенти В. Путин 2021 Нобель тынчытык сыйлыгына талапкер көрсөтүлдү. Россия басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда Путин 2021 Нобель тынчтык сыйлыгына орус жазуучусу Сергей Комков тарабынан талапкер көрсөтүлдү.
Нобель комитетине талапкерлик катынын 9 - сентябрда сунушталгандыгы жана андан кийин да АКШнын президенти Дональд Трамптын сыйлыкка талапкер көрсөтүлгөндүгү билдирилди.
Кремлдин катысы Дмитрий Песков бул тууралуу : «Талапкерлердин каралып чыгылышы тууралуу бир процедура бар. Сыйлык бериле турган болсо жакшы, берилбесе да маселе эмес. Бул жерде башка бир несе айтуу кыйын»,- деди.
АКШнын президенти Дональд Трамптын 2021 Нобель тынчтык сыйлыгына талапкер көрсөтүлгөндүгү 9 - сентябрда билдирилген. Өзгөчө орус оппозициячыл Алексей Навальныйдын да сыйлыкка талапкер көрсөтүлгөндүгү белгилүү болду.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.