Апааттар быйыл 51,6 миллион адамга таасирин тийгизди

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын да климатка байланыштуу кырсыктардын терс таасирлерин арттыргандыгы белгиленгенди.

1496275
Апааттар быйыл 51,6 миллион адамга таасирин тийгизди

Быйыл жаратылыш кырсыктарынан дүйнө жүзү боюнча кеминде 51,6 миллион адам жабыркады.

Эл аралык Кызыл Ай жана Кызыл Крест Коомдору Федерациясы (IFRC) климаттын өзгөрүшүнөн улам болгон сел, кургакчылык, бороон-чапкын жана токой өрттөрү сыяктуу кырсыктар быйыл дүйнө жүзү боюнча кеминде 51,6 миллион адамга таасирин тийгизгенин билдирди.

Федерациянын башчысы Франческо Рокка, пресс-конференцияда климаттын өзгөрүшүнөн келип чыккан кырсыктардын кесепеттери боюнча жаңы докладдарын сунуштады.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын да климатка байланыштуу кырсыктардын терс таасирлерин күчөткөнүн белгилеген Рокка, 2020-жылы болуп өткөн 132 аба окуясынын 92синин Ковид-19 пандемиясы учурунда болгонун айтты.

2,3 миллион кишинин болсо токой өрттөрүнөн жапа чеккендигин билдирген Рокка, 437,1 миллион кишинин да өтө ысык аба ырайына дуушар болгонун белгиледи.



Тектеш кабарлар