Австралияда тайыз сууларда тыгылып калган киттердин саны 470 болду

Австралиянын Тасмания аймагындагы Маккуари - Хедсте  270 киттен кийин дагы  200 киттин тайыз сууларга тыгып калгандыгы билдирилди.

1495876
Австралияда тайыз сууларда тыгылып калган киттердин саны 470 болду

Австралиянын Тасмания аймагындагы Маккуари - Хедсте  270 киттен кийин дагы  200 киттин тайыз сууларга тыгып калгандыгы билдирилди.  

Тасмания парктары жана жапайы жаратылышты тейлөө боюнча менеджери Ник Дека абадан көзөмөлдөөлөрдө топ түрүндө тайыз суудан чыга албай калган 200 киттин Маккуари – Хедс аймагында калган 270 китти куткарууга аракет кылынган жээкке 7 – 10 километр алыстыкта экендигин билдирди.

Ник Дека абадан изилденген киттердин көпчүлүгүнүн өлүү экендиги байкалганын жарыялады.

Аймактагы башка жээктерде киттердин бар же жок экенин белгилөө иштеринин жүргүзүлүп жатканын айткан Дека куткаруу топторунун дагы кенен изилдөө жүргүзүшөрүн билдирди.

Тасманиянын деңизчилик коргоо программасынын кызматкерлери дүйшөмбү күндүн түнүнөн бери куткаруу иштерин жүргүзүп жаткан Маккуари -  Хедс аймагындагы тайыз сууларда калган  270 киттен үчтөн бир бөлүгүнүн өлгөнү билдирилген.

Жаңы табылган топтогулар менен бирге 300 кит өлгөн болушу мүмкүн деген кооптонуулар болууда.

Маккуари  - Хедс аймагында 3 топ түрүндө табылган киттерден тирүү калгандарын куткаруу үчүн аракет кылган 40 кишилик куткаруу тобу 25 китти тайыз суулардан чыгарды.

Тайыз суулардан куткарылган киттерди деңизге чыгаруу иштери улантылып, деңиз биологдору киттерди куткаруу көптөгөн күнгө созулушу мүмкүн экенин белгилешти.

Аймакта киттердин кургактыкка көп эле учурда чыкканы бирок мынчалык сандагы китке 10 жылдан ашуун убакыттан бер кездешилбегендиги белгиленди.

Жаңы Зеландияда 2018 -  жылы 200дөн ашуун учкуч кит бир жуманын ичинде түрдүү жээктерге чыгып өлгөн.



Тектеш кабарлар