Индонезияда катуу жааган мамгыр күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө
Жакартада кечээ түндөн бери нөшөрлөп жааган жамгыр суу ташкынына жол ачты.
Индонезиянын түрдүү аймактарында катуу жамгыр жаашы жол ачкан сел күнүмдүк турмушка тескери таасирин тийгизүүдө.
Индонезиянын Кырсыктар боюнча улуттук агенттигинин BNPBнин билдирүүсүнө караганда Батыш Жавага караштуу Сукабуми аймагы жана борбор шаар Жакартада кечээ түндөн бери нөшөрлөп жааган жамгыр суу ташкынына жол ачты.
Сукабумидеги селде 20 кишинин жаралангангандыгы жана 3 кишинин жоголгонун билдирген жетекчилер үйлөрү зыян тарткан 210 үй - бүлөнүн эвакуацияланганын маалымдашты.
Жетекчилер өзгөчө бир ибадат кылуучу жер жана 10 көпүрө зыян тарткан аймакта жоголгон кишилерди издөө – куткаруу иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдиришти.
Жакартада 49га жакын маала селден таасирленип, проспект жана көчөлөрдө пайда болгон суу көлчүктөрү унаалардын кыймылында тоскоолдуктарга себеп болууда.