Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 965 миң 70тен ашты.

1494254
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 965 миң 70тен ашты. Илдетке чалдыккандардын  саны 31 миллион 240 миңден, ал эми айыккандардын саны 22 миллион 835 миңден ашты.

Бразилияда акыркы 24 саатта Ковид-19га байланыштуу 363 адам каза таап, өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 136 миң 895ке жогорулады. Жуктуруп алгандардын саны 16 миң 389га көбөйүп, 4 миллион 544 миң 629га жетти.

Мексикада акыркы бир күндө Ковид-19дан каза болгон адамдардын саны 235 болуп, жалпы каза болгондор 73 миң 493кө, ал эми жуккан адамдардын саны 3 миң 542ге көбөйүп, 697 миң 663кө жетти.

Францияда эпидемиянын кесепетинен акыркы 24 сааттын ичинде 12 адам каза болуп, адам өлүмү 31 миң 585ке жетти. Вирусту жуктурган адамдардын саны бир күндө 10 миң 569га көбөйүп, 453 миң 763кө жетти.



Тектеш кабарлар