Дүйнө жүзүндө Covid-19дан каза тапкан адамдарын саны 961 461ге жетти

Илдетке чалдыккандардын саны 31 миллионго жакындап келсе, айыгып кеткендердин саны 22 миллион 587 миңден ашты.

1493893
Дүйнө жүзүндө Covid-19дан каза тапкан адамдарын саны 961 461ге жетти

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 961 461 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны 31 миллионго жакындап келсе, айыгып кеткендердин саны 22 миллион 587 миңден ашты.

Бразилияда акыркы 24 саатта 739 кишинин өлүмү менен, өлкөдө вируска байланыштуу каза болгондордун саны 136 миң 532ге, ал эми илдетке чалдыккан адамдардын саны 33 миң 57ге көбөйүп, 4 млн 528 миң 240ка жетти.

Мексикада акыркы бир күндө Ковид-19дан каза тапкан адамдардын саны 455ке көбөйүп, 73 миң 258ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 5 миң 167ге көбөйүп, 694 миң 121ге жетти.

Европадагы эпидемиянын чордону Англияда акыркы 24 саатта вирустун айынан каза болгондордун саны 27ге көбөйүп, 41 миң 759га, ал эми жуктуруп алгандардын саны 4 миң 422ге көбөйүп, 390 миң 358ге жетти. Премьер-министр Борис Жонсон 28-сентябрдан тарта өлкөдө Ковид-19 тести позитив болуп чыккандар үчүн өзүн үйдө обочолонтуу "мыйзамдуу милдеттенме" болоорун жана бул эрежеге баш ийбегендерге 1000 фунт (болжол менен 9700 түрк лирасы), ал эми мыйзам бузуу дагы кайталанса, 10 миң фунтка чейин акчалай жаза бериле тургандыгын жарыялады.

Канадада Ковид-19 бейтаптарынан акыркы бир жумада дагы 35 адам көз жумган. Ошентип, каза болгон адамдардын саны 9 миң 248ге чейин көбөйгөн. Ковид-19 илдетине чалдыккандардын саны бир жуманын ичинде 5 миң 203кө көбөйүп, 142 миң 866га жетти.



Тектеш кабарлар