Россия Хафтерге жалданма аскер жиберди
Россия Шеббихалардан 400 кишини жалданма аскер катары мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге жиберди.
Россия Сириянын түндүк – чыгышындагы Камышлы районунда Башар Асад режиминин күчтөрүнө караштуу жергиликтүү куралдуу күч Шеббихалардан 400 кишини жалданма аскер катары согушуу үчүн Ливиянын чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге жиберди.
Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Россия Ливияда чет элдик cогушкерлердин жардам берүүсүнөн үмүт кылган козголоңчу Хафтерди Сириядан жалданма согушкерлер менен күчтөндүрүүнү улантууда.
Россия Камышлы районунда Асад режиминин күчтөрү тарабынан курулган жергиликтүү куралдуу күч Шеббихалардан 400 кишини жалданма аскер катары согушуу үүчн Ливияга жиберди.
Ливияда Хафтерге кошулган Шеббихалар мурунку күнү Камышлы аэропортунан Латакия облусундагы орустардын Хымеймим базасына барган.
Бир топ согуштук кылмышка аралашкан Шеббихаларды Ливияга жиберүү процессин Баас партиясынын аймагындагы башкаруучулардан Салим Ел - Хеллүш жүргүздү.
Сириядан Ливияга жиберилген жалданма аскерлерге Россия тарабынан айлык 1500 – 2000 доллар төлөнүүдө.
Россия өткөн айда өлкөнүн түндүк - чыгышындагы Камышлыда Асад режиминин көзөмөлүндөгү аймактарда жаштары 20 – 45 арасында болгон 1000 кишинин Хафтердин катарында согушуусу тууралуу келишим түзгөн. Бул кишилердин да жакынкы убакытта Ливияга жиберилиши күтүлүүдө.
Россиянын ушул кезге чейин Сириядан Хафтердин катарына жиберген жалданма аскер саны 5000ден ашты.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.