Францияда Макронго каршы митингдер болду

Францияда президент Емануэль Макрондун башкаруусу менен өкмөттүн экономикалык жана социалдык саясаттарына каршы митингдер улантылууда.

1493117
Францияда Макронго каршы митингдер болду

 Францияда президент Емануэль Макрондун башкаруусу менен өкмөттүн экономикалык жана социалдык саясаттарына каршы митингдер улантылууда.

Жалпы Иш Конфедерациясы сыяктуу көп сандаган профсоюздун чакыруусу менен борбор шаар Париждин Republique аянтында чогулган жүздөгөн киши Nation аянтына чейин жүрүштү.

Митингге чыккандар президент Еммануэль Макрон менен өкмөттүн экономикалык жана социалдык саясаттары менен жаңы тип коронавирус эпидемиясында бир топ тармакта иштеген кишилердин жумуштан чыгарышына каршылык көрсөттү.

Митингчилер Макрон менен өкмөткө каршы ураандар менен жүрүштү.

Студенттер профсоюздары солчул саясатчылар жана сары желектүүлөр да катышкан митингде катуу коопсуздук чаралары каралды.

Бир тараптан Парижде коомдук тарнспортту тартипке салган РАТР фирмасы менен Франция улуттук темир жолдор фирмасынын кызматкерлери өкмөттүн социалдык саясаттарына каршы иш таштоого чыкты.

Иш таштоодон улам коомдук транспортто жана шаарлар аралык поезд каттамдарында кээ кээде аксоолор болууда.

Парижден тышкары Марсель, Лион жана Бордо сыяктуу шаарларда иш таштоолор жана митингдер болду.



Тектеш кабарлар