COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирустун жайылуусу токтой элек.

1492841
COVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
o brasil do coronavirus.jpg
SPR Florida corona.jpg
SPR brasil corona.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумган адамдардын саны 950 миң 965ке жетти. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 30 миллион 373 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 22 миллион 58 миңден ашты.

202 миң 114 өлүм, 6 миллион 867 миң учур менен пандемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарында мектептердин ачылышы, али даяр эмес деген негиз менен экинчи жолу жылдырылды. Шаар башчы Билл де Блазио дүйшөмбүдө ачылышы күтүлүп жаткан мектептерге башталгыч класстын окуучулары 29-сентябрда, ал эми орто жана жогорку класстын окуучулары 1-октябрда бара тургандарын билдирди.

Бразилияда дагы 829 адамдын өлүмү менен өлкөдө вирустан каза тапкандардын саны 135 миң 31ге, жуктуруп алгандардын саны 36 миң 303кө көбөйүп 4 миллион 457 миңге жетти.

Мексиканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө Ковид-19дан каза болгондордун саны 201ге көбөйүп 72 миң 179 адамды түздү. Илдетке кабылгандардын саны болсо 3 миң 182ге көбөйүп 684 миң 113кө жогорулады.

Испанияда акыркы бир жумада Ковид-19дан 419 адам каза болуп жалпы 30 миң 405ке жетти. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада 11 миң 291 жаңы учур катталганын, ооруну жуктургандардын саны 625 миң 651ге жеткенин кабарлады.

Пандемиянын айынан Германияда 9 миң 371 адам каза болду. Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны болсо 265 миң 857ге жетти.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы суткада 10 адамдын каза болгонун жана Ковид-19дан улам 770 жаңы учур катталганын билдирди. Өлкөдө адамдардын өлүмү 888 миңге, ооруга чалдыккандардын саны 66 миң 396га жетти.



Тектеш кабарлар