Франция ПКК террористин депортациялады
2006-жылы Францияга мыйзамсыз жолдор менен барган ПКК мүчөсү Мехмет Ялчын депортацияланды.
1491991
Франция, башпаанек берүү өтүнүчүн четке каккан жикчил террордук уюм ПККнын мүчөсүн Түркияга депортациялады.
2006-жылы Францияга мыйзамсыз жолдор менен барган ПКК мүчөсү Мехмет Ялчын, өткөн жылы Париждин Апелляциялык соту тарабынан жикчил террордук уюмдун пайдасына иш алып барган жана каржылык колдоо көрсөткөн деген жүйөө менен 2 жылга эркинен ажыратылган.
ПКК мүчөсү Ялчындын бир нече башпаанегин четке каккан Франция, уюмдун мүчөсүн Түркияга депортациялады.
Ялчын Түркияда киши өлтүргөндүгү жана террористтик уюмга мүчө болгону үчүн издөөдө жүргөн.
Тектеш кабарлар
Бельгияда Израилге каршы бойкот акциясы
Гент, Брюссел, Антверпен, Левен жана Льеждеги университеттерде нааразылык акциялары уланууда.