БУУ Кипр сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоону пландаштырууда

Гутерреш 22-сентябрда баштала турган БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын жыйынынын алдында өткөрүлгөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

1491997
БУУ Кипр сүйлөшүүлөрүн кайрадан баштоону пландаштырууда

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерреш, Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы шайлоодон кийин, кепилдер жана тараптардын катышуусу менен саясий процессти кайрадан баштоону пландап жаткандыгын билдирди.

Гутерреш 22-сентябрда баштала турган БУУнун 75-Башкы Ассамблеясынын жыйынынын алдында өткөрүлгөн маалымат жыйынында күн тартибине баа берди.

Кипр көйгөйүнө байланыштуу билдирүү жасаган Гутерреш, «Дипломатиялык демилгелерди баштаардан мурун Түндүк Кипрдеги шайлоону (октябрь айында өтөт) күтүү боюнча бир пикирге келдик. Шайлоолор бүтөөр замат (Түркия, Греция, Улуу Британия) жана (рум жана түрк) эки тарап тең орун алган 5 негизги актер менен саясий процессти кайра баштоону пландап жатам»,-деди.

Гутерреш ошондой эле тараптарды саясий жараянга коркунуч келтире турган бир тараптуу кадамдардан алыс болууга чакырды.



Тектеш кабарлар