Иран "калыбына келтирүүгө" каршылык көрсөттү

Иран Израиль менен Бириккен Арап Эмираттары жана Бахрейндин ортосундагы карым  - катнаштардын калыбына келтирилиши келишимине каршылык көрсөттү.

1491614
Иран "калыбына келтирүүгө" каршылык көрсөттү

Иран АКШнын президенти Дональд Трамптын жетекчилигинде  Ак үйдө өткөн аземде кол коюлган Израиль менен Бириккен Арап Эмираттары жана Бахрейндин ортосундагы карым  - катнаштардын калыбына келтирилиши келишимине каршылык көрсөттү.

Парламенттин спикери Мухаммед Бакыр Калибафтын эл аралык карым  - катнаштардан жооптуу атайын орун басары Хүсейин Эмир Абдуллахиян соцтармактан берген маалыматында Ак үйдө өткөн кол коюу аземи тууралуу буларды айтты : «Бахрейн менен БАЭнин тышкы иштер министрлери бүгүн Трамптын циркинде ойношту. Кечээ араптардын жерлеринин бир бөлүгүн басып алган сионизм, бүгүн да жаңы бир метод менен Перс  булуңу өлкөсүн басып алууда. Египет менен түзүлгөн келишим да Израиль үчүн жол ачкан жок. Египеттин бир аралынчалык БАЭ менен Бахрейн да Израилге ишенимсиздикти гана белек кылат».

Израиль менен БАЭ жана Бахрейндин ортосунда түзүлгөн «карым  - катнаштарды калыбына келтирүүгө» карата келишимдерге  кечээ АКШнын президензти Трамптын жетекчилигинде Ак үйдө өткөрүлгөн азем менен кол коюлган.



Тектеш кабарлар