Гебрейесус: «Ковид-19 акыркы эпидемия болбойт»

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Др. Тедрос Адханом Гебрейесус,Глобалдык Даярдык Мониторинг Кеңешинин (GPMB) Covid-19 пандемиясынын мониторинги боюнча отчету жарыяланган иш-чарада сөз сүйлөдү.

1490702
Гебрейесус: «Ковид-19 акыркы эпидемия болбойт»

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) башкы директору Др. Тедрос Адханом Гебрейесус: «Коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) акыркы эпидемия болбойт»,- деп эскертти.

«Биз даяр болушубуз керек. Бул коркутуп-үркүтүү эмес, аракетке чакыруу», - деди ал.

Тедрос Адханом Гебрейесус, ДСУ менен Дүйнөлүк Банктын биргелешкен мекемеси болгон Глобалдык Даярдык Мониторинг Кеңешинин (GPMB) Covid-19 пандемиясынын мониторинги боюнча отчету жарыяланган иш-чарада сөз сүйлөдү.

Эпидемиянын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндөгү саламаттыкты сактоо тутумдарын, экономикаларын жана коомдорун солкулдатканын баса белгилеген Гебрейесус, эпидемиянын көптөгөн адамдардын өмүрүнө жана жашоосуна зыян келтиргенине көңүл бурду.

Гебрейесус:«Саламаттык сактоо системасы өнүккөн жана күчтүү экономикасы бар өлкөлөр да чаалыккан абалда, бирок ийгиликке жетишкен өлкөлөрдүн көпчүлүгү мурунку эпидемиялар SARS, MERS, H1N1, Эбола жана башкалардан сабак алгандар»,-деп айтты.

«Бул акыркы эпидемия да, глобалдык саламаттыкты сактоо боюнча акыркы өзгөчө кырдаал да болбойт»,-деп эскерткен  Гебрейесус, келечектеги эпидемиялардын алдын алуу үчүн «туура саясий жана каржылык инвестициялардын» жасалышы боюнча чакырык салды. Гебрейесус, мындай жол менен келечек муундарды эпидемиянын коркунучунан сактоого болот деди.

Тедрос Адханом Гебрейесус, адамзат чара көрбөгөн жана күткөн ар бир күн жаңы оорунун, климаттын өзгөрүшүнүн же табигый кырсыктын кабарчысы болгонун жактап мындай деди: «Кийинки саламаттык сактоочу кырдаал кандай болоорун билбейбиз, бирок анын келээрин билебиз. Даяр болушубуз керек. Бул коркутуп-үркүтүү эмес,  аракетке чакыруу. Бизде ушул кыйынчылыктардын бардыгын чечүү үчүн шаймандар жана билимдер бар. Бул глобалдык коркунучтар менен биргелешип тилектештик жана узак мөөнөттүү кызматташтык менен гана күрөшө алабыз».

2020-жыл жалпы адамзат үчүн «эскертүүчү белги» экендигин айткан  Гебрейесус: «Ковид-19 оорусу адамзатка өтө чоң чыгым алып келди. Бул кыйынчылыктарга толгон сабактар. Биз алардан сабак алып, дагы жакшы дүйнө курушубуз керек»,- деди.



Тектеш кабарлар