Дональд Трамптан Иранга карата коркутуу

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өлкөсүнө карата кандайдыр бир кол салуусуна кыйратуучу  жооп кайтаруу менен коркутту.

1491096
Дональд Трамптан Иранга карата коркутуу

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын өлкөсүнө карата кандайдыр бир кол салуусуна кыйратуучу  жооп кайтаруу менен коркутту.

Трамп твиттерден берген маалыматында Ирандын АКШга ыктымалдуу кол салууларынын жообу катуу болору боюнча эскертти.

Тегеран башкаруусунан ирандык генерал Касым Сүлеймани кол салуусуна жооп катары кол салуу пландады деген сөздөргө токтолгон Трамп : «Ирандын АКШга каршы кол салуусуна 1000 эсе дагы чоң кол салуу менен жооп берилет»,- деди.

Трамп Сүлейманини өлтүрүү буйругун берүү чечимин жактап мунун «кол салуу планы, АКШ бөлүктөрүнүн өлтүрүшү жана көптөгөн жылдардан бери себеп болгон өлүм жана кыйынчылыктардан улам» ишке ашырылгандыгын белгиледи.

АКШнын коргоо министрлиги Пентагон Сүлеймани жана Хашди Шабинин төрага орун басары Эбу Мехди ел  -  Мүхендистин 3 -  январь жума күнү кечинде Багдат аэропортуна жакын жерде болгон кол салууда өлтүрүлгөндүгүн билдирген.

Кол салууда Сүлеймани жана ирандык офицерлер менен араларында Мүхендис да  болгон 10 киши каза болгон.

Иран лидери Айетуллах Хаманей окуядан кийин берген билдирүүсүндө : «Анын кетиши менен ал аткарган иштер токтобойт жана жолу жабылбайт. Кылмышкерлерди абдан оор өч алуу күтүп жатат»,- деген.



Тектеш кабарлар