ЕБи Россиянын Крымда өткөргөн шайлоолорун тааныбайт

ЕБнин Эл аралык байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелл өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Европа Биримдиги (ЕБ) Орусиянын Крым жарым аралында өткөн шайлоону тааныбаганын билдирди.

1490338
ЕБи Россиянын Крымда өткөргөн шайлоолорун тааныбайт

Европа Биримдиги (ЕБ) Россиянын Крым жарым аралында өткөн шайлоону тааныбаганын билдирди.

ЕБнин Эл аралык байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жосеп Боррелл өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, дем алыш күндөрү Россия Федерациясында аймактык жана жергиликтүү шайлоолор болуп өткөндүгүн, ал эми 2014-жылы Россия мыйзамсыз аннексиялап алган Крым жарым аралындагы Севастополдо губернаторлук үчүн шайлоо өткөнүн эске салды.

Боррелл: «Европа Бирлиги Крымдын Россиянын мыйзамсыз аннексиясын тааныган жок. Ошондуктан Крым жарым аралында өткөн шайлоону тааныбайт»,-деп айтты.

Россия тарабынан уюштурулган бул шайлоодо Крымдын жана Севастополдун атынан чыккандардын таанылбай тургандыгын баса белгилеген Боррелл, Крым менен Севастополдун Украинага таандык экендигин айтты.

Боррелл, ЕБ Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверендүүлүгүн колдой берерин белгиледи.



Тектеш кабарлар