Бразилияда болгон өрттөр

Бразилиянын өтө маанилүү тропикалык жерлеринде болжол менен 1,5 миллион гектар жер өрттөндү.

1490207
Бразилияда болгон өрттөр

Бразилиянын өтө маанилүү тропикалык жерлеринде болжол менен 1,5 миллион гектар жер өрттөндү.

Рио-де-Жанейронун Федералдык Университети тарабынан спутник тартып алган көрүнүштөр менен  эсептелген сандар өткөн айдан бери Пантанал аймагында болжол менен 1,5 миллион гектар саздак жердин өрттөнгөнүн көрсөттү.

Өрттөрдү спутник аркылуу байкаган Бразилиянын Улуттук космостук изилдөө институту да Пантанталдагы өрттөрдүн саны сентябрдын алгачкы 12 күнүндө өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу үч эсе көбөйгөнүн белгиледи.

Катуу шамал жана 40 градустан ашкан ысыктык жана 47 жылдан кийин катуу кургакчылык болуп жаткан аймакта , өрт өчүргүчтөр, аскерлер жана ыктыярчылар ягуар жана башка жаныбарларды куткаруу үчүн күрөшүп жатышат.

Эл аралык жапайы мышыктарды коргоо уюму Пантера Пантаналда болгон өрттөрдөн улам 200гө жакын ягуардын өлгөнүн жана жаралангандыгын же жер которгондугун билдирди.

Амазонка аймагындагы өрттөрдүн көпчүлүгүнө мыйзамсыз токой кыюу, тоо - кен иштетүү жана дыйканчылык иш-аракеттери себеп болуп жатса, Мато Гроссо мамлекеттик өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн подполковниги Шейла Себалхос Пантаналдагы быйылкы өрттүн себептеринин бири сары аарыларды зыянсыздандыруу үчүн саман өрттөө экендигин айтты.

 



Тектеш кабарлар