Ковид-19 иммунитети 3-4 апта гана уланат

«Science Focus» веб-сайты Кытайдын Нансинг Университетинин медицина факультетинде жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн негизинде маалымат жарыялады.

1489596
Ковид-19 иммунитети 3-4 апта гана уланат

Коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) чалдыккандан кийин, вируска каршы дарылангандардын иммунитети бир айдан кийин тез төмөндөгөнү белгиленди.

«Science Focus» веб-сайты Кытайдын Нансинг Университетинин медицина факультетинде жүргүзүлгөн бир изилдөөнүн негизинде берилген кабарына ылайык, адистер Ковид-19га кабылгандан кийин аны жеңил өткөргөн 19 адамды жана оор өткөргөн 7 бейтапты алгачкы симптомдору пайда болгондон баштап 7 жума бою байкап турушту. Бейтаптардын 80,7 пайызында Ковид-19га каршы ар кандай деңгээлдеги антителолор иштелип чыккандыгы аныкталды.

Изилдөөнүн жыйынтыгында Ковид-19 дарылануусунан өткөн жана тез айыгып кеткен адамдар өндүргөн антителолордун вирусту нейтралдаштыруучу таасири 3-4 жумадан кийин төмөндөгөнү аныкталды.

Изилдөөнүн натыйжалары "PLOS Pathogens" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар