Дүйнө жүзүндө Covid-19дан каза тапкан адамдарын саны 925380ден ашты

Илдетке чалдыккандардын саны 28 миллион 990 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 20 миллион 867 миңден ашты.

1489781
Дүйнө жүзүндө Covid-19дан каза тапкан адамдарын саны 925380ден ашты
Süper Covid.jpg
SÜPER FOTO koronavirus aşı.jpg
SÜPER FOTO ispanya madrid
süper covid

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 925 миң 380ден ашты. Илдетке чалдыккандардын саны 28 миллион 990 миңден, ал эми айыгып кеткендердин саны 20 миллион 867 миңден ашты.

АКШда Ковид-19 эпидемиясында каза болгондордун саны акыркы сутка ичинде 681ге көбөйүп, 198 миң 154кө жетти. Өлкөдө жуккан адамдардын саны ушул эле мезгилде 39 миң 637ге көбөйүп, 6 миллион 679 миңге жетти.

Бразилиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 саатта 814 адамдын өлүмү менен, вируска байланыштуу каза болгондордун саны 131 миң 274кө, ал эми жуктуруп алгандардын саны 33 миң 523кө көбөйүп, 4 млн 315 миң 858ге жетти.

Мексиканын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы 24 сааттын ичинде өлкөдө Ковид-19дан адамдардын өлүмү 421ге көбөйүп, 70 миң 604кө жетти. Өлкөдө Ковид-19 оорусунун саны 5 миң 674кө көбөйүп, 663 миң 973кө жетти.

Коронавирустун жаңы түрүнөн улам Улуу Британияда каза болгон адамдардын саны акыркы сутканын ичинде 9га көбөйүп, 41 миң 623кө жетти, ал эми 3 миң 497 жаңы учур катталып, жалпы жуктуруп алгандардын саны 365 миң 174кө жетти. 27-июндан 8-августка чейин өлкөдө күнүнө миңдин тегерегинде байкалган жаңы жуктургандардын орточо саны акыркы жумада күнүнө 3000 болду.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун жаңы түрүнөн улам 6 адам каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 35 миң 603кө жетти. Бир миң 501 жаңы учур менен, Ковид-19 жуктуруп алгандардын саны 286 миң 297 түздү.

Францияда акыркы 24 саатта 17 адамдын өлүмү менен, Ковид-19дан каза болгондордун жалпы саны 30 миң 910го чейин көбөйдү, ал эми дагы 10 миң 561 адамга жукканы аныкталып, жалпы жуктуруп алган адамдардын саны 373 миң 911ге жетти.

Австралияда Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 810го жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 26 миң 648 болгон.

633 адам каза болгон Венгрияда вирусту жуктуруп алгандардын  саны 11 миң 825ке чейин көбөйгөн. Премьер-министр Виктор Орбандын айтымында, эгер ковид-19дун айынан өлкөдө каза болгондордун саны кыйла көбөйбөсө, анда мектептер кайрадан жабылбайт жана өлкө жаздагыдай токтобойт.

Ковид-19дан улам Перуда 30 миң 593, Испанияда 29 миң 747, Колумбияда 22 миң 734, Чилиде 11 миң 895 жана Аргентинада 11 миң 263 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар