Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1489234
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү
SPR corona.jpg
SPR Florida corona.jpg

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумгандардын саны 919 миң 799 адамды түздү. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 28 миллион 664 миңден, ал эми айыккандардын саны 20 миллион 587 миңден ашты.

АКШда Ковид-19дан каза болгондордун саны 197 миң 421ге, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 6 миллион 636 миңге жетти.

Бразилияда дагы 874 адамдын өлүмү менен вируска байланыштуу каза тапкандардын саны 130 миң 396, ооруга чалдыккандардын саны болсо 43 миң 718ге көбөйүп 4 млн 282 миң болду.

Мексикада Ковид-19дан көз жумгандардын саны 70 миң 183кө жетип, илдетке кабылгандардын саны болсо 658 миң 299 адамды түздү.

Англияда каза болгондордун саны 41 миң 614 деп катталды. Өлкөдө 361 миң 677 адам да вирусту жуктурду.

Францияда акыркы 24 саатта 19 адам каза болуп оорудан көз жумгандардын жалпы саны 30 миң 813кө, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 9 миң 843 жаңы учур менен бирге 353 миң 944кө жетти. Премьер-министр Жан Кастекс өткөргөн маалымат жыйында пандемиянын ылдам жайылышын улантып жаткандыгын билдирди. Кастекс француздарды жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана чараларды так сактоого чакырды.

Испанияда акыркы бир жумада Ковид-19дан 241 адам каза болуп илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 29 миң 747ни түздү. Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саатта рекорддук өсүү менен 12 миң 183 жаңы учур катталып, ооруну жуктуруп алгандардын саны 566 миң 326 адамга жеткенин кабарлады.

Португалиянын Саламаттык сактоо министрлиги акыркы 24 саатта Ковид-19дун айынан 3 адам каза болгонун жана 687 жаңы учур катталганын, бул апрель айынан берки эң жогорку көрсөткүч экенин жарыялады. Өлкөдө адамдардын өлүмү 1 миң 855 миңге, ооруга чалдыккандардын саны болсо 62 миң 813кө жогорулады. Премьер-министр Антонио Коста 15-сентябрдан баштап, өлкө боюнча 10дон ашуун адам менен чогулууга тыюу салынарын, соода борборлорунун жана дүкөндөрдүн иштөө жана жабылуу убактысы, алкоголдук ичимдиктердин сатылышы, ресторандар менен ашканалардын кардар саны чектелээрин билдирди.



Тектеш кабарлар