Бенгазиде Халифе Хафтерге каршы митингдер болду

Хафтер куралдуу күчтөрүнүн нефть өндүрүү жана экспортун токтотуусу менен Ливия экономикасынын 90 пайызынан ашыкчасын түзгөн нефть кирешелеринен куру калып, 9 айда 10 миллиард долларлык зыян тартты.

1488835
Бенгазиде Халифе Хафтерге каршы митингдер болду

Ливияда мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтер көзөмөлгө алган Бенгази шаарында миңдеген киши начарлаган турмуштук шарттарга каршы  митингге чыгышты.

Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жана активисттредин соцтармактагы кабарларына чагылган көрүнүштөрдө митинг учурунда Хафтердин сүрөттөрүнүн өрттөлгөндүгү, автомобиль резиналары өрттөлүп жолдордун жабылгандыгы орун алган.

Митингдерде «Жашасак да, өлсөк да өз намысыбызды каалайбыз», «Төңөкрүш, төңкөрүш эй Бенгези! Мал  - мүлкүңдү уурдашты, үмүт калган жок» жана «Нефть комплекстерин ачкыла!» деген ураандар менен жүрүштү.

Халифе Хафтер өлкөнүн нефтисин БУУнун негизиндеги мыйзамдуу Ливия өкмөтүнө каршы козр катары колдонуу үчүн көзөмөлгө алган чыгыш аймактарындагы нефть кудук жана комплекстерин январь айынан бери ачпай жатат.

Хафтер куралдуу күчтөрүнүн нефть өндүрүү жана экспортун токтотуусу менен Ливия экономикасынын 90 пайызынан ашыкчасын түзгөн нефть кирешелеринен куру калып, 9 айда 10 миллиард долларлык зыян тартты.

 



Тектеш кабарлар