Пакистанда ураган мрамор шахтасында 22 киши каза болду
Шахтанын эмне себептен урагандыгы азырынча белгисиз.
1487664
Пакистандын түндүк-батышындагы мрамор шахтасы кулап 22 шахтер каза болду.
Dawn веб-сайтындагы жаңылыктарга караганда жетекчилер Хайбер - Пахтунхва аймагына караштуу Мохманд шаарында мурунку күнү 30дан ашуун жумушчу иштеген мрамор шахтасынын урап түшкөнүн кабарлашты.
Издөө – куткаруу иштеринин натыйжасында көчкү астында калган 22 шахтердун сөөгү чыгарылды.
Каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздануулар болууда. Шахтанын эмне себептен урагандыгы азырынча белгисиз.