Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Ооганстандын Урузган губернаторлугунун басма сөз катчысы Зилгей Ибади, басма сөзгө окуя тууралуу маалымат берди.

1486179
Ооганстанда бомбалуу кол салуу болду

Ооганстандын Урузган провинциясында бомбалуу кол салуудан бир жаран каза болду.

Урузган губернаторлугунун басма сөз катчысы Зилгей Ибади, басма сөзгө берген маалыматында Чинарту районунда жолдун боюна коюлган бомбанын жарандарды ташыган унаа аймактан өтүп бара жатканда жарылгандыгын айтты.

Ибади кол салууда бир жаран каза болуп, бир жаран жаракат алганын билдирди.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчиликти моюнга алган жок.



Тектеш кабарлар