Иракта ДЕАШ Ханекин районунда Хашди Шабиге кол салды

Кол салууда Хашди Шабинин 28 -  бригадасынын командири Хүсейин ел  - Мияхи менен бир Хашди Шаби мүчөсүнүн дагы жок кылынганын билдирди.

1486372
Иракта ДЕАШ Ханекин районунда Хашди Шабиге кол салды

 Террордук уюм ДЕАШтын Ирактын чыгышында Иран чек арасына жакын Ханекин районунда Хашди Шабиге жасаган кол салууда эки террорист жок кылынды. Алардын бирөөсү командир болгон.

Дияла коопсуздук директорлугунда кызмат кылган полициянын капитаны Жафер ел  - Ваили берген маалыматта ДЕАШ террористтеринин Дияла аймагына караштуу Ханекин районундагы Хашди Шабиге кол салгандыгын айты.

Ваили жеңил жана оор куралдар колдонулган кол салууда Хашди Шабинин 28 -  бригадасынын командири Хүсейин ел  - Мияхи менен бир Хашди Шаби мүчөсүнүн дагы жок кылынганын билдирди.



Тектеш кабарлар