Румынияда ТИКАнын колдоосу менен көрүстөн көйгөйү чечилүүдө

Бир нече жылдар бою жүргүзүлгөн иш-аракеттер ТИКАнын колдоосу менен натыйжаланды.

1485127
Румынияда ТИКАнын колдоосу менен көрүстөн көйгөйү чечилүүдө

Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу менен Румынияда жашаган мусулман коомчулугунун эң чоң көйгөйлөрүнүн бири болгон көрүстөнгө болгон муктаждык чечилүүдө.

ТИКАнын жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, түрк жана татар тектештер жыш отурукташкан Румыниянын Добружа аймагындагы Констанца облусунда мусулман мүрзөсүндө орун жетишсиздигинен улам келип чыккан көйгөйлөрдү жоюу үчүн бир нече жылдар бою жүргүзүлгөн аракеттер ТИКАнын колдоосу менен аяктады.

Румыния Мусулмандарынын Муфтиятынын пайдаланууга берилген 35 миң чарчы метрдик жерди көрүстөн катары пайдалануу боюнча жүргүзүлүп жаткан долбоордук иштер аяктап, болжол менен 2 миң көрүстөндү түзө турган мүрзөнүн курулушу башталды.

 



Тектеш кабарлар