Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1485142
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам көз жумгандардын саны 879 миңге жакындады. Илдетке чалдыккандардын саны болсо 26 миллион 795 миң 850дөн, ал эми айыгып кеткендердин саны 18 миллион 907 миң 700дөн ашты.

Пандемиянын чордону болгон Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 192 миң 111, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 6 миллион 389 миң 57 деп катталды.

41 миң 537 өлүм менен пандемиянын Европадагы чордону болгон Англияда акыркы 24 саатта дагы 1 миң 940 учур аныкталып, жуктуруп алгандардын саны 342 миң 351ге жетти. Өлкөдө 8-августтан 3-сентябрга чейин жаңы бейтаптардын орточо суткалык саны болжол менен 1300 түздү.

Австралияда акыркы 24 сааттын ичинде дагы 11 адам каза болуп, Ковид-19дан көз жумгандардын саны 748ге жетти. Мельбурн шаарында жүздөгөн адамдар катышкан Ковид-19 чараларына нааразылык билдирилген митингге полиция кийлигишип, кеминде 20 демонстрант камакка алынды.



Тектеш кабарлар